БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалымат катчы Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылганын билдирген.
"Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт", — деп жазылган анда.
Эске салсак, кечээ социалдык тармактарга ЖК депутаты Жаныбек Абировго окшогон адамдын бир нече кишилер менен мушташка аралашып, бир адамды сабап жаткан видеосу тараган.
Кадрдан аны ажыратууга аракет кылган учурларды, бирок ал токмоктогонун токтотпогонун көрүүгө болот. Андан сырткары, социалдык тармактарга күзөт агенттигинде иштеген, аты аталбаган кишинин аталган чатакка байланыштуу билдирүүсү жазылган. Анда ресторанда онго чукул адамдын чакырык менен жетип барган ыкчам аракетке келүүчү топтун эки кызматкерин сабаганы кабарланган.
Октябрь райондук ИИБ 12-мартта милицияга жабырланган Д.А. аттуу киши кайрылгандыгын билдирди. Жабырлануучуну болжол менен саат 03:30да Элебаев көчөсүндөгү ресторанда белгисиз киши сабагандыгын маалымдаган. Ал адам башынан жаракат алып ооруканага кайрылып, учурда текшерүү башталып, тергөө жүрүп жатканы айтылган.
Жаныбек Абиров азырынча видео боюнча комментарий бере элек.