Радио

Мамлекеттик символдорду натуура колдонгондорго жазаны күчөтүү сунушталды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын метрологиялык көзөмөл боюнча башкармалыгынын башкы адиси Төрөбай Жукушев КРдин мамлекеттик символдор тууралуу мыйзамына өзгөртүү киргизүү каралып жатканын айтты.
Sputnik
Экономика министрлиги мамлекеттик символдорду колдонуу ченемдерин бузгандар үчүн жазаны катаалдаштырууну сунуштап жатат. Учурда долбоор коомдук талкууга коюлгандыгын Төрөбай Жукушев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер сунушталып жаткан долбоор ишке ашса, жеке адамдарга 5 миң, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынмакчы.
"Өлкөнүн мамлекеттик символдор тууралуу мыйзамына өзгөртүү керек болуп жаткан. Анткени баарыбызга маалым болгондой, туу менен герб — мамлекеттин жүзү. Тилекке каршы, бул баалуулуктарга кайдыгер мамиле жасагандар көбөйүп, мамлекеттик символдорду колдонууда эрежелерге баш ийбей жатышат. Буга чейин 623 мамлекеттик мекемеде жана уюмда мониторинг жүргүзүлүп, натыйжада колдонулган мамлекеттик символдордун 95 пайызы техникалык талаптарга жооп бербей турганы аныкталган. Мындан улам мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеленди. Долбоорго ылайык, Кыргызстандын желегин жана гербин даярдоодо, сатууда жана колдонууда техникалык шарттарды бузганы үчүн жазаны катаалдаштыруу каралып жатат. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, жеке адамдарга — 5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга — 17 миң сом айып пул салынмакчы. Бул сумма, менимче, аз", — деди Жукушев.
Ал мамлекеттик символдорду туура эмес колдонгондор "Укук бузуулар жөнүндө" мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.