CAFA U-17: Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын жеңип алды

Кийинки оюнда команда өзбекстандык футболчулар менен кез келет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын 4:0 эсеби менен жеңип алганын Кыргыз футбол союзу билдирди.
CAFA U-17 Women"s Championship Тажикстандын Гиссар шаарында өтүп жатат. Турнирге Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Ирандын футболчулары катышууда. Шарт боюнча командалар бири-бири менен ойноп чыгып, эң көп упай топтогону жеңүүчү болот.
Кыргызстандык футболчулардын кийинки атаандашы Өзбекстандын командасы экени айтылды.
Кыргызстандын спортчулары Ташкенттеги эл аралык марафонго катышат