КР ислам банк системасынын инструменттерин көбөйтүүнү пландап жатат

Бишкекте ислам инвестициялык форуму өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстан ислам банк системасы колдонгон инструменттерди көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ислам инвестициялык форумунда (IBIF-2023) билдирди.
Анын айтымында, быйыл 2023-2027-жылдарга карата КРдеги ислам экономикалык платформасынын концепциясын бекитүү пландалууда. Кеп ислам баалуу кагаздары, ислам камсыздандыруусу, адал индустриясынын катышуучуларына ислам инвестициясы менен ислам каржылоосун алууга шарт түзүп берүү жөнүндө болуп жатат.
"Ири долбоорлор ислам инвестициясынын арты менен ишке ашарына ишенебиз", — деди ал.
Агроөнөр жайды насыялоого бөлүнчү 10 млрд. сомдун таратылышына жоопкерлер айтылды