Окумуштуулар: күнүгө 30 мүнөт чуркоо эркектердин ден соолугун чыңдайт

Эксперттер ар кайсы өлкөдөн медикаменттерди колдонбогон 3 485 эркекке карап анализ жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Окумуштуулар чуркап туруу эркектерди төшөктөгү көйгөйлөрүнөн (эякуляция) арылтарын аныктады. Бул туурасында Online Library порталы жазды.
Эксперттер ар кайсы өлкөдөн төшөктөгү жубайлык милдетин аткарууда медикаменттерди колдонбогон 3 485 эркектин маалыматы чогултулган 54 изилдөөнү анализдеген. Анда эң майнаптуу ыкма активдүү кыймылда болуу экени аныкталган.
Жумасына беш жолу 30 мүнөттөн чуркап туруу да медикаменттердей эле натыйжа берери айтылды. Дагы башка ыкмасы катары жамбашка жасалган көнүгүүлөр аталган. Аны тынбай жасаган эркектин төшөктөгү активдүүлүгү 1-3 минутага узарганы белгиленген.
Андан сырткары, сүйлөшүү психотерапиясы да жакшы жыйынтык берген. Мындай аңгемелешүү же ымандай сырды бөлүшүү эркектердин арасында мөөнөтүнөн мурда эякуляция болууга тынчсыздануусун жойгонго же психологиялык блокту алганга көмөкчү болот.
Аялдар эмне үчүн селфиге түшөт? Окумуштуулардын жообу