Башкы прокуратура: Бишкек мэриясында айлык мыйзамсыз көбөйтүлгөнү аныкталды

Бул убакыт аралыгында эки айлыктын суммасы төлөнүп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Шаардык прокуратура Бишкек мэриясында 2021-2022-жылдары айлык мыйзамсыз негизде көбөйтүлүп берилген фактыны аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзам бузуунун кесепетинен 781 миллион 397 миң сом чыгым болгон. Бул убакыт аралыгында эки айлыктын суммасы төлөнүп турган.
"Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында мыйзам талаптарын одоно бузушкан", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Эсеп палатасы Кыргызстандын 10 өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн текшерди