БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Араб мамлекеттери үчүн этти Кыргызстандан алуу пайдалуу, бирок айрым тоскоолдуктар жаралууда. Бул тууралуу ЖК депутаты Нуржигит Кадырбеков Ислам инвестициялык форумда (IBIF-2023) билдирди.
"Биздин араб өнөктөштөрүбүз, өзгөчө Катардагылар, сүйлөшүү учурунда адал эт менен Жаңы Зеландия камсыз кыла турганын айтышты. Жаңы Зеландия Австралиянын жанында жайгашкан. Алар үчүн (араб өлкөлөрү — ред.) Кыргызстан менен иштешүү кыйла пайдалуу болмок, бирок бизде системалуу камсыздоо үчүн анчалык көлөм жок. Майда чарбалар басымдуу, потенциалыбыз чектелүү, демек, ушул багытта иш жүргүзүшүбүз керек", — деди депутат.
Ал Кыргызстандын рыногу кызыктуу эле эмес, бир топ пайдалуу экенин да белгиледи.
"Мисалы, араб тараптын айтымында, Жаңы Зеландиядан эт бир суткада келет экен, бул сөзсүз баага таасир этет. Ал эми Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан кыйла жакын", — деди Кадырбеков.
Эл өкүлү инвесторлорду биринчи кезекте жоопкерчиликтүүлүк, принципиалдуулук, сый-урмат менен кызыктыруу керек экенин белгиледи.
"Бул сапаттын баары бизде бар, бирок иш жүзүнө келгенде эле кыйынчылыктар жаралып кетет. Андыктан инвестициялык климаттын жакшыруусуна ар бирибиз салым кошушубуз керек", — деди парламентарий.
Кадырбеков депутаттар өкмөт менен бирге мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу багытында иштеше турганын кошумчалады.