Аксыдагы ооруканада өрт чыгып, ичиндегилер эвакуацияланды. Видео

Тилсиз жоо менен төрт бригада алпурушуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан ооруканадан өрт чыкканын ӨКМ билдирди.
Маалыматта өрт имараттын чатырынан чыкканы айтылат.
"Жалынды өчүрүүгө саат 9.33тө биринчи өрт өчүрүүчү бригада тартылган. Андан кийин дагы үч топ кошулган. Оорукананын ичиндегилер эвакуацияланды", — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Ала-Букада 84 жаштагы айдоочу үч кишини койдуруп кетти