14-мартка карата аба ырайы

14-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү күндүз көпчүлүк аймактарда күн ачык болору болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13...+18, Таласта +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө +11...+16 жана Нарында 0...+5 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +16...+18 жана Ош шаарында +20...+22 градусту көрсөтөт.
Күн катуу ысыйбы? Жалал-Абад облусунда бул жумада күтүлгөн аба ырайы