Баткак, сууга карабай... Жолтандабастар жарышынан алынган кызыктуу 14 сүрөт

Бишкектин четинде жолтандабастардын Rainforest Challenge (RFC) аттуу жарышы өттү. Sputnik Кыргызстан аталган оюндан тартылган кызыктуу кадрларды чогултту.
Sputnik
Турнир 11-12-март күндөрү Озерное айылындагы полигондо болду. Ага төрт категориядагы 18 темир тулпар катышты.
Уюштуруучулардын айымында, катышуучулардын арасында кыргызстандыктардан сырткары, Казакстандын Тараз шаарынан келген автоунаа ышкыбоздору бар.
Мелдеш Кыргызстанда RFC Global Series (RFCGS) жарышынын алкагында өттү
Rainforest Challenge — дүйнөгө белгилүү жолтандабастардын жарышы, дүйнөдөгү эң татаал мелдештердин бири. Мындай турнир Малайзияда, Россияда жана башка өлкөлөрдө уюштурулат.
1 / 14

Жарыш 11-12-март күндөрү Озерное айылындагы полигондо өттү

2 / 14

Баткакка тыгылып калган жолтандабас

3 / 14

Мындай бүйүр кызыткан оюнду көргөнү келген күйөрмандар да көп болду

4 / 14

Эң татаал трассадан кадимки эле шаардагы автоунаалар ("полироль") категориясындагы өтө алды

5 / 14

"Стандарт" категориясындагы темир тулпарлар да катышкан

6 / 14

Катаал шарттарга ылайыкталып жасалган кубатуу жолтандабастардын да ("модификацияланган" жана "прототип" категориясы) күчү сыналды

7 / 14

Катышуучулардын арасында кыргызстандыктардан сырткары, Казакстандын Тараз шаарынан келгендер да бар

8 / 14

Жарыштын катышуучусу баткакта

9 / 14

Мелдеш Кыргызстанда RFC Global Series (RFCGS) жарышынын алкагында өттү

10 / 14

RFC — дүйнөгө белгилүү жолтандабастар жарышы

11 / 14

Ылай, сууга карабай жиреп жүрүп бараткан темир тулпар

12 / 14

Бул жарыштан түрдүү жолтандабастарды көрүүгө болот

13 / 14

Мындай турнир Малайзияда, Россияда жана башка өлкөлөрдө уюштурулат

14 / 14

Марага жеткени да, жетпей калганы да болду