Жазгы чарчоону кантип жеңсе болот? Дарыгердин кеңеши

Адис күндүн жетишсиздигинен организмде кээ бир гормондор азайып, адам чарчаңкы абалга кабыларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Диетолог Ан Тодоровичтин айтымында, жазгы чарчоону жеңүүнүн бир нече жолу бар. Бул тууралуу Доктор Питер басылмасы жазды.
Кыш бүтүп, жазга жаңы кирип жаткан учурда көп адамдар шалдырап, чарчаңкы абалга түшөт. Дарыгердин айтымында, күндүн жетишсиздигинен организмде бактылуулук гормону болгон серотониндин тартыштыгы келип чыгат. Мындан тышкары, уйкунун гормону болгон мелатонин көбөйөт.
“Бул гормондордун өйдө-ылдый болушунан улам адам өзүн чарчаңкы сезип, күн бою уйкуга тартыла берет. Андыктан кыштын аягы, жаздын башында көпчүлүк адам муун, булчуң, тамак оорусу, туруктуу чарчоо, эртең менен ойгонгондо кыйналуу, эске тутуунун начарлашы, баш оору сымал кыйынчылыктарга туш болот”, — деп билдирген диетолог.
Жаздагы чарчоону жеңүү үчүн таза абада көбүрөөк сейилдөө сунушталган.
“Күн ачык болгон кезде 15-20 минут сейилдеңиз. Майлуу, туздуу жана куурулган тамак-аштан баш тартыңыз. Анын ордуна көбүрөөк жашылча-жемиш колдонуңуз. Сууну көбүрөөк ичип, спорт менен машыкканды унутпаңыз”, — деп кеңеш берген дарыгер.
Эч бир диета жардам бербейт! Курсактын чандайышынын 7 себеби