Конституцияда жазылган, эч бир жаран өзүн, бала-чакасын, жолдошун, айтор, жакындарын каралаган көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес. Каралабай койгону үчүн жоопко тартылбайт, андыктан коркпой эле баш тарта берсе болот. Бул тууралуу Куватбек Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, тартип сакчылар көпчүлүк учурда шектүүнүн жакындарын кылмышка катыштыгы бар болуп чыгасың деп коркутуп, каралаган көрсөтмө алууга тырышат.
"Эгерде жакыныңыз кылмышка шектүү болуп сурак берип жатса, сиз анын жакын адамы катары ага каршы көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмессиз. Мындай учурда адатта тергөөчүлөр "кылмышты жаап-жашырып жатасың, кылмышка катыштыгы бар жаран катары сен да жооп берип каласың" деген нерсени бетке кармап опузалашат. Бул — куру опуза. Анткени сиз көрсөтмө берүүдөн баш тартып жаткан жоксуз да, болгону каралаган нерселерди айтпай койдуңуз. Укук коргоочу тарабынан мындай опуза болгондо коркпой эле мыйзам чегинде өз укугуңузду пайдаланып жатканыңызды билдирип, башка көрсөтмөлөрдү берүүгө ачыктыгыңызды айтышыңыз керек", — деди Шатманов.
Жактоочу көп учурда шектүүнүн жакындары коркуп кетип, тескерисинче, туура эмес маалыматтарды берип алышарын кошумчалады.