Шашылыш билдирүү. Бүгүн, эртең жаан жаап, айрым жерлерди суу капташы мүмкүн

Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине чалуу сунушталат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы өзгөрө турганын эскертип, шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине чалуу сунушталат. Чалуу акысыз жана маалыматтар күнү-түнү кабыл алат.
Жаан жаайбы? Чүйдө кийинки жумада күтүлгөн аба ырайы