Нарын: РФ берген өрт өчүрүүчү, куткаруучу техникалар райондорго тапшырылды. Сүрөт

Теңир-Тоо аймагында өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн инженердик-техникалык каражаттарга муктаждык бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстанга Россия берген 40 өрт өчүрүүчү автоунаанын ичинен Нарын облусуна бөлүнгөн жети техника кечээ райондорго тапшырылды. Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгына куткаруу иштеринде пайдаланыла турган эки жана кызматтык бир автоунаа берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Кыргызстанга Россия берген 40 өрт өчүрүүчү автоунаанын ичинен Нарын облусуна бөлүнгөн жети техника кечээ райондорго тапшырылды

2 / 3

Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгына куткаруу иштеринде пайдаланыла турган эки жана кызматтык бир автоунаа берилди

3 / 3

Техникалар президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгына тапшырылып, райондорго бөлүштүрүлгөн.

Техникалар президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгына тапшырылып, райондорго бөлүштүрүлгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысы Талант Касиев "облуста өрт өчүрүүчү, куткаруучу автоунаалар жетиштүү болуп калды" деп белгилеген. Бирок өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн инженердик-техникалык каражаттарга болгон муктаждык бар экендигин айткан.
Россия Кыргызстанга өрт өчүрүүчү машиналарды тапшырды. Видео