Суук кайтабы? Келерки жумада Нарында аба ырайы кандай болору айтылды

Апта ичинде Теңир-Тоонун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -10 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Нарын облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаайт. 14-15-мартта жаан-чачын болбойт. Ал эми 16-19-март күндөрү кээ бир райондорго кар түшөт.
Апта ичинде дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 10 градуска чейин суук болсо, күндүзү абанын температурасы +1 градуска көтөрүлөт.
Шашылыш билдирүү. Бүгүн, эртең жаан жаап, айрым жерлерди суу капташы мүмкүн