Кыргызстан кайсы мамлекеттерден кумшекер алат? Тизме

Кыргызстан 17 өлкөдөн кушмекер ташып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстан өткөн жылы 126,4 тонна кумшекер импорттогонун билдирди. Бул жерде кеп канттын камыш жана кызылчадан алынган түрү тууралуу болуп жатат.
Товар жалпысынан 79,3 миллион долларга бааланды.
Жеткирип берген өлкөлөр:
Бразилия — дээрлик 51 миң тонна;
Индия — дээрлик 51 миң тонна;
Россия — 15,6 миң;
Афганстан — 1,9 миң;
Беларусь — 1,9 миң;
Египет — 1,5 миң;
Иран — миң тоннадан көбүрөөк.
Ал эми бул мамлекеттерден азыраак өлчөмдө ташылган:
Бириккен Араб Эмираты — 967,8 тонна;
Таиланд — 728;
Азербайжан — 448;
Казакстан —241,3;
Өзбекстан — 136;
Польша — 3,5;
Корея — 1,3;
Италия — 0,6;
Колумбия — 0,1;
Тажикстан — 0,1.
Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн күн карама майын сатып алат? Тизме