Радио

Манасчы "уруят" деген сөздү чечмелеп берди

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн дагы бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Манастагы "уруят" сөзү эркиндик, азаттык, эгемендик дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, анын сөздүктөрдө башка дагы маанилерди түшүндүргөн учурлары кездешет.
"Манас" эпосундагы "уруят" деген көөнө сөз кездешет. Адатта "уруяты чачылды" деген мааниде дагы колдонулат. Бул сөздү эркиндик, азаттык, эгемендик деген мааниде колдонууга болот", — деди Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытса болорун кошумчалады