Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Киев Кахов ГЭСинде чагым уюштурууга даярданып жатат

Украин тарап аягында өзүнүн жасаган иштерине Россияны айыпташы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Киев Кахов ГЭСинде чагым уюштурууга даярданып жатат. Бул туурасында РИА Новости украин аскер командачылыгындагы маалымат булактарына таянуу менен билдирди.
"Киев Кахов ГЭСин калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жаткан россиялык адистердин мүмкүнчүлүктөрүн чектөө үчүн аткылоону күчөтүүгө буйрук берди. Украин тарап атайылап Кахов ГЭСин аткылап, андан соң бул теманы спекуляция кылып россиялык аскерлерди өзөктүк коркунучка жана экологияга зыян келтирүүгө негизсиз айыптап чыгышат", — деп айткан агенттиктин маектеши.
Ошондой эле ал Кахов суу сактагычынан суу атайылап агызылып, тартыштык жараларын эске салды. Киев далилдүү база түзүү жана "Россия сууну атайын бир максат менен агызып жатат" деп айыптоо үчүн экологиялык инспекция негиздөөнү демилгелеген.
"Киев мындай процесстин чыныгы себеби тууралуу жакшылап кабардар болгон, тагыраак айтканда, ГЭСти аткылоо механизмдерге зыянын тийгизет. Украиналыктар калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылган кызматкерлерди артка тартып жатат", — деген маалымат булагы.
Анын айтымында, россиялык адистер жана жарандык транспорт ГЭСтин жанына барары менен эле аткылоону башташат. Киев станцияга өзүнүн адамдарын киргизүү үчүн ушундай кадамга барууда. Анткени Украина көзөмөлдөп жаткан Херсон облусунун бир бөлүгү ушул станция аркылуу электр энергиясы менен камсыздалат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведчук: Киев режиминде эч бир ыйыктык калган жок