Кылкылдаган эл. Израилде реформага нааразы болгондор митингге чыкты. Сүрөт

250 миңге жакын адам Тель-Авивдеги демонстрацияга катышып жатканы, ал эми дагы ушунча сандагы эл жалпы Израиль боюнча чыкканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Сот реформасына нааразылыгын билдирген 500 миңге чукул эл Израилде митингге чыкканын РИА Новости Times of Israel газетасына таянып билдирди.
Анда 250 миңге жакын адам Тель-Авивдеги демонстрацияга катышып жатканы, ал эми дагы ушунча сандагы эл жалпы Израиль боюнча чыкканы айтылды.
Нааразылык толкунун Соттун таасирин азайтууга багытталган мыйзам долбоору жараткан. Тагыраагы, анда негизги, базалык мыйзамдарды кабыл алуу процессине Жогорку соттун таасирин чектөө, парламентарийлердин Жогорку соттун чечимдерин талдап, сындап, талашуусуна мүмкүнчүлүк берүү, судьяларды дайындоону өкмөттүн көзөмөлгө алуусу белгиленген.
Президент Ицхак Херцог өлкө кыйын кырдаалда турганын, артка кайтууга болбостугун, аны менен бирге өкмөттүн юридикалык реформалардан баш тартуу зарылдыгын айтты.
Февраль айында мамлекеттин башчысы элге ыкчам телекайрылуу жасап, жарандарга юридикалык реформалардын долбоорун өзгөртүү боюнча планды сунуштаган.
Германияда азык-түлүктүн кымбатташына нааразы эл митингге чыкты. Видео