Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

Документтерди кабыл алуу 28-мартка чейин уланат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керек:
арыз;
өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
резюме;
соттолбогондугу тууралуу маалымат;
нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо, аны ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
паспорттун көчүрмөсү;
соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалым каты.
Документтер 11-марттан тартып 28-март, саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн (0312) 62-05-09 номери аркылуу байланышууга же Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257 дарегине барууга болот.
Ломоносов атындагы университеттин гимназиясы окуучуларды кабыл алат