Ала-Букада 84 жаштагы айдоочу үч кишини койдуруп кетти

Милиция автокырсык боюнча тергөө иштерин баштаган. Текшере келгенде айдоочунун ичпегени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 84 жаштагы айдоочу борбордук көчөлөрдүн биринде күндүз үч кишини койдуруп кетти. Бул туурасында аймактык ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти.
Видео "Короче" Телеграм каналына жарыяланды.
Айдоочуну текшере келгенде ичпегени аныкталган. Ал 50 жаштагы аялды, үч жашар уулун (кырсык учурунда көчөдө баласын көтөрүп бараткан) жана 15 жаштагы кызын койдуруп кеткен. Жабыркагандар ооруканага түшкөн. Милиция автокырсык боюнча тергөө иштерин баштаган.
Бишкекте эркек киши андан качкан аялдын машинасына жармашып алган видео тарады