Радио

Саадабаева: тогуз коргоолду ЖОЖдордо, мектептерде окутуу сунушталууда

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын ага усулчусу Жазгүл Саадабаева улуттук спортту өнүктүрүү, пропагандалоо, мелдештерди уюштурууга бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүп, спортчулар стипендия ала турганын айтты.
Sputnik
Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча программа даярдалып, анда тогуз коргоолду жогорку окуу жайларда, мектептерде окутуу сунушталып жатат. Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз иштешип, өспүрүмдөрдү интеллектуалдык жактан өстүрүүгө аракеттер болот. Бул тууралуу Жазгүл Саадабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тогуз коргоол ойногондордун саны өсүп жаткандыктан эми облустук деңгээлде мелдештер уюштурулуп, аны уткандар республикалык мелдешке келет.
"Дене тарбия жана спорт департаменти жыл башында республикалык жана эл аралык мелдештерди өткөрүү боюнча календарлык планды бекитип, анда улуттук оюндардын саны көбөйтүлдү. Улуттук спортту өнүктүрүү, пропагандалоо, мелдештерди уюштурууга бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүп, спортчулар стипендия ала башташат. Мындай чечим көптөн бери чечилбей келген. Ага байланыштуу улуттук спорттун түрлөрүн мектептерде, жогорку окуу жайларда окутуу сунушталып жатат. Бул боюнча өнүктүрүү программасы даярдалган. Билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз иштешип, өспүрүмдөрдү интеллектуалдык жактан өстүрүүгө аракеттер болот", — деди Саадабаева.
Ошондой эле адис рынок шартында спортту өнүктүрүү үчүн бизнес коомчулугу менен тыгыз иштөө керектигин кошумчалады.