Нарындыктар Садыр Жапаровго ККМ боюнча даттанышты. Видео

Президент салык жоболорун фискалдаштыруу республикалык бюджетке салык жыйымдарын көбөйтүү максатында жүргүзүлүп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы маалымдады.
Жергиликтүү тургундар кассаны көзөмөлдөөчү машиналарды киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелерди көтөргөндүгү айтылды.
“Садыр Жапаров чогулгандарга салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жаңы жолдорду, социалдык объектилерди курууга, эмгек акыны, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин түшүндүрдү”, — деп айтылат маалыматта.
Өлкө башчы көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмаларды берди.
Садыр Жапаров “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты