Садыр Жапаров “Нарын” аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты

“Нарын” аэропорту абакаттамдарынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам 24 жылдан бери иштебей турат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ал Нарын облусунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларын оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.
1 / 4

Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, “Нарын” аэропортунун аэробекетинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

2 / 4

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын жазында аэропорттун аэродромунун асфальт-бетон төшөлмөсүн, учуп-конуу тилкесин, башкаруу жолдорун жана унаа токтотуучу жайларын оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштоо пландалууда.

3 / 4

Аэропорттун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген.

4 / 4

Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.

Аэропорттун имараты 1964-жылы, ал эми жасалма учуп-конуу тилкеси, башкаруу жолдору жана перрон 1974-жылы ишке берилген. Аба каттамынын азайышы жана жүргүнчүлөрдүн жоктугунан улам аэропорт 1999-жылдан бери иштебей турган.
“Оңдоо иштери аяктагандан кийин бардык келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайы үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, ошондой эле Нарын облусуна ички каттамдарды жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.
Манасбек Самидинов ошондой эле 2022-жылы башталган “Казарман” аэропортун реконструкциялоо иштери боюнча маалымат берип, долбоор 2023-жылдын үчүнчү кварталына пландаштырылганын айткан.
“Казарман” аэропорту 80-жылдардын башында курулган, аэробекеттин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 40-50 жүргүнчү. Аэробекеттин имаратын оңдоо иштери акыркы жолу 2018-жылы жүргүзүлгөн.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, аларды талаптагыдай деңгээлде жүргүзүүнү жана долбоордун белгиленген мөөнөтүн так сактоону тапшырды.
Садыр Жапаров: Бажыдан сол чөнтөккө кеткен 40 млрд. сом азыр бюджетке түшүп жатат