Ошто курал-жарак сакталган жай табылды. УКМК анын ээсин издөөдө

Атайын кызмат кандай куралдар табылганын тизмектеп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Ош шаарынын “Амир-Тимур” кичи районунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды.

2 / 2

Желим баштыктан ар кандай өндүрүштөгү үч тапанча, Ф1 гранатасы, детонатор капсуласы, АК-74-1 маркасындагы магазин, 61 даана үч түрдүү калибрлүү ок-дарылар, мээлейлер жана маскалар табылган.

Желим баштыктан ар кандай өндүрүштөгү үч тапанча, Ф1 гранатасы, детонатор капсуласы, АК-74-1 маркасындагы магазин, 61 даана үч түрдүү калибрлүү ок-дарылар, мээлейлер жана маскалар табылган.
Учурда экспертиза дайындалып, курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сирияга бармак. КРдин чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик кармалды