"КРдин жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам долбоору 2000-жылдан бери иштейт. Анда милдеттүү деп айтылганы менен жарандар ыктыярдуу түрдө камсыздандырылып келген. Бул тууралуу Мирланбек Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, камсыздандырылбаган жарандарга ооруканаларда жеңилдиктер каралган эмес. Мындай адамдар кошумча төлөмдү толук төлөшөт.
"Учурда калктын 75 пайызы камсыздандыруу полисин алган. Ал эми анын дээрлик 50 пайызын республикалык бюджеттен каражат бөлүп, мамлекет камсыздандырат. Алардын катарына социалдык жөлөк пул алган жарандар, 5 жаштан 18 жашка чейинки балдар (орто мектептин окуучулары), күндүзгү окууда окуган 21 жашка чейинки студенттер, аскер кызматкерлери, пенсионерлер, жумушсуздар кирет. Калган адамдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алышы зарыл. Азыр калктын 25 пайызы (1 миллион 700 миӊ киши) камсыздандыруу полисин алган эмес. Мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр боюнча ММКФ алдында Кыргызстандын бардык жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандыруу алууга 100 пайыз камтуу милдети турат. ММК алуу үчүн ар бир жаран жылына 1 722 сом төлөйт. Ага камсыздандыруу полиси берилген соң ошол жылы дары-дармек 50 пайыз жеңилдик менен берилет. Ооруканадагы кызматтар үчүн акы арзандатылып, үй-бүлөлүк медициналык борборлордо дарыгерге акысыз көрүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ал үчүн жарандар Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып арыз калтырып, дарыгерлер берген реквизиттерге каражат салып полис ала алышат. Бул каражат медициналык кызматтардын түрлөрүн көбөйтүп, жакшыртууга жумшалат", — деди Шабданов.
Ал жарандардын баары полис ала турган болсо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине кирешенин болжолдонгон көлөмү үч миллиард сомдон сегиз миллиард сомго чейин көтөрүлүүсү күтүлүп жатканын кошумчалады.