Сирияга бармак. КРдин чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик кармалды

Шектүү Россиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн 41 жаштагы чет өлкөлүк М.И.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ал Россиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгону айтылат.
Былтыр октябрда Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган.
"Кармалган М.И.М. жасалма паспорт алып, андан кийин Сириядагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаган", — деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.
Учурда шектүүнүн шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
Өзбекстанда 5 ай бою барымтада кармалган кыргызстандык алып келинди. Видео