Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун башкы катчысына жолукту

Иманкулов Кыргызстан мурдагыдай эле ЖККУнун дараметин жана кадыр-баркын бекемдөөгө даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердүүлүгүнүн маселелери каралган. Анын ичинде уюмдун Коопсуздук кеңештин катчыларынын комитетинде мурда кабыл алынган чечимдердин жана 2023-жылга пландалган иш-чаралардын аткарылышы талкууланган.
Аймактык коопсуздук маселелери, ошондой эле учурдагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу боюнча пикир алмашуу болгон.
Иманкулов Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары мурдагыдай эле ЖККУнун дараметин жана кадыр-баркын бекемдөөгө, конструктивдүү жана активдүү салым кошууга даяр экенин билдирген.
Ошондой эле уюмдун жаңы дайындалган башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовго ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалаган.
Садыр Жапаров: Кыргызстан ЖККУнун ролун жана беделин жогорулатууга кызыкдар