Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Медведчук: Киев режиминде эч бир ыйыктык калган жок

Жума күнү “Киев-Печердук лавра” улуттук коругу монахтарды 29-мартка чейин православдардын чиркөөсүнөн чыгып кетүүгө милдеттендирген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Киев-Печердук лавраны басып алуу Владимир Зеленскийдин режиминде эч бир ыйыктык калбаганынан кабар берет. Бул тууралуу украиналык оппозициялык маанайдагы саясатчы Виктор Медведчук айтты. Анын мындай билдирүүсү РИА Новостинин карамагында.

“Зеленскийдин режиминде бир дагы ыйык нерсе калбаганы дагы бир ирет далилденип отурат. Бүгүнкү бийликтин православдардын Ыйык Киев-Печердук лаврасын басып алышы рейдерликке жатат”, — деди ал.

Белгилей кетсек, жума күнү “Киев-Печердук лавра” улуттук коругу монахтарды 29-мартка чейин православдардын чиркөөсүнөн чыгып кетүүгө милдеттендирген. Башкы директордун милдетин аткаруучу Александр Рудник ведомстволор аралык жумушчу топтун чечимине жана Маданият министрлигинин катына таянып жатканын билдирген. Анда монастырь мамлекеттик мүлктү колдонуу боюнча келишимдин шарттарын бузганы айтылган, бирок далилдер келтирилген эмес.
Медведчук оккупация учурунда керек болсо улутчулдар дагы православдардын чиркөөгө кирүүсүнө тыюу салбаганын эске салды.

“Бүгүн болсо фашисттердин идеялык мураскерлери украиналыктардын ишенимин, жүрөгүн, тилин, акыл-эсин жана намысын тебелеп жатышат. Украина мамлекети дүйнөдөгү тынчтыкты бузгусу келген Франкенштейндин “чыгармачылыгына” айланды”, — деди саясатчы.

Ал ошондой эле учурда Украинанын жарандары Киев режиминин позициясынан башка ой айтууга мүмкүнчүлүгү жок экенин, анысы аз келгенсип алардын пикирин колдоого милдеттендирилип жатканын баса белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Америкалык чалгынчы Украина күзүндө жеңилиши ыктымал экенин айтты