БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык патрулдук милициясына демөөрчүлөр тарабынан 2022-жылы чыгарылган Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Демөөрчүлөрдүн аты аталган жок. ЖКККББ бул белек патрулдук милициянын ишине ыраазычылык иретинде берилгенин белгиледи.
2022-жылы чыгарылган Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаалар
© Фото / Эрназар Керимканов
Өткөн жайда белгисиз демөөрчүлөр патрулдук милицияга беш даана Toyota Prius унаасын белек кылышкан.