Жаан жаайбы? Чүйдө кийинки жумада күтүлгөн аба ырайы

Жуманын ортосунда күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Чүй облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Жуманын баш жагында, 12-13-мартта, көпчүлүк аймактарда жаан, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ал эми 14-15-мартта күн ачык болот.
16-17-18-март күндөрү кайрадан жаан-чачын жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 12-мартта жана 13-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Түндө Бишкекте жылуулук берүү токтотулат