Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек авиакаттамынын саны көбөйтүлдү

Каттамдарды ата мекендик TEZ JET авиакомпаниясы аткарат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Эми Бишкектен Жалал-Абад шаарына күн сайын учууга болорун "Манас" эл аралык аэропорту кабарлады.
"2023-жылдын 8-мартынан тарта ата мекендик TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. Самолёттор жумасына жети жолу учат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин аталган багыт боюнча каттамдар жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылып келген.
Нарындагы жалгыз аэропорт оңдолуп жатат