Бишкекте Россиянын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Видео

Кармалган жаран өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкекте Россиянын Челябинск облусунан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал 15 миң долларга Кыргызстандын жарандыгын сатып алууга аракет жасаганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Россияда ал кылмыш жоопкерчилигине тартылары, Федералдык коопсуздук кызматы аны мамлекеттер аралык издөөгө салганы айтылды.
Шектүү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (“Каракчылык”), 209 (“Бандитизм”), 222 (“Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү”), 226 (“Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу”) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн иш жүргүзүүдө.
Ошто курал-жарак сакталган жай табылды. УКМК анын ээсин издөөдө