Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтүп, ага 15 миңден ашык адам катышты

Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өттү
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкекти жашылдандыруу боюнча бир айлыктын алкагында жалпы шаардык ишембилик өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ишембиликке 15,7 миңден ашык адам, 477 уюм жана мекемелер катышты.
Жалпы жонунан 338 көчөт отургузулду, анын 220сы бадал, 73ү ийне жалбырактуу дарактар. 130,5 куб метр таштанды алып чыгарылды.
Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев. Архив
Радио
Жумалиев: апрелде 160 миңдей жоогазын Бишкектин көркүн ачат