Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык чалгынчы Украина күзүндө жеңилиши ыктымал экенин айтты

АКШнын деңиздеги аскерлеринин мурдагы чалгынчысы жеңилүү ок-дарылардын түгөнүшү менен байланыштуу болорун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Жакынкы айларда Украинанын ок-дарылары түгөнүп, анын жеңилишине алып келет. Бул тууралуу АКШнын деңиздеги аскерлеринин мурдагы чалгынчысы Скотт Риттер Judging Freedom YouTube-каналындагы маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыш ок-дарылардын жетишсиздигин канча аракет кылбасын чече албайт. Ушул жайда Украинада ок дарылар түгөнөт, ошондо баары аягына чыгат", — деген чалгынчы.
Февралда Риттер Украинанын Куралдуу күчтөрү ушул жылдын октябрь айына чейин багынып берерин айткан болчу. Анын айтымында, Киев режими жайдын ортосуна чейин Батыштын техникасын алууну токтотуп, күзүндө жеңилиши ыктымал.
Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Дуглас Макгрегордун айтымында, АКШ президенти Жо Байден Украинада кетирген катасын моюндап, Москва менен тынчтык келишимине барышы керек. Антпесе Россиянын армиясы Днепрден өтүп, Киевди багынтышы мүмкүн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Чалгын кызматы Москва менен түз тирешүү тобокелдигине баа берди