БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Алматыдагы сейсмикалык коопсуздук боюнча тез арада аудит жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Смаилов Алматынын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кеңешме өткөрүп, сейсмикалык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурган. Анын айтымында, Түркия менен Сирияда болгон трагедия республика үчүн, өзгөчө Алматы үчүн чоң сабак болушу керек.
Өкмөт башчы шаардагы объектилерди паспорттоштуруу акыркы жолу 2017 жана 2018-жылдары жүргүзүлгөндүгүн белгилеген.
“Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаар акимиаты менен биргеликте тез арада ревизия жүргүзүп, сейсмикалык коопсуздукту жогорулатуу боюнча чараларды көрүшү керек. Алматыда эле эмес, республиканын жер титирөө болушу мүмкүн болгон башка бардык аймактарындагы маселелерде дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу зарыл. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар мурда долбоорлоо, куруу жана башкаруу процесстери боюнча жоюлган мыйзамдарды катаалдаштыруу маселесин тез арада карап чыгышы керек”, — деген Алихан Смаилов.