Акылбек Жапаров Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту

Өкмөт башчы этникалык кыргыздардын тарыхый мекени менен байланышы үзүлбөшү үчүн күч-аракет жумшаларын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Өзбекстанда иш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коңшу өлкөдөгү Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Өзбекстанда иш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коңшу өлкөдөгү Манас айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту.

2 / 3

Акылбек Жапаров жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү Кыргызстандын президентинин жана министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

3 / 3

2018-жылы “Ыңгайлуу айыл” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырганы айтылды.

Акылбек Жапаров жолугушууда чет жерде жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү Кыргызстандын президентинин жана министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.
“Кыргызстан менен Өзбекстанды көп кылымды камтыган жалпы тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоону тагдыр өзү белгилеген бир тууган элбиз. Манас айылын өнүктүрүү, бул жерде жашаган этникалык кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатканы кубандырат. Ата-бабаларыбыздын тилин, маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын сактай алганыңыздар абдан жагымдуу. Сиздерди тарыхый мекениңиз менен байланыштырган жип эч качан үзүлбөшү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деди министрлер кабинетинин башчысы.
2018-жылы “Ыңгайлуу айыл” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Манас айылынын инфраструктурасы бир топ жакшырганы айтылды. Айыл элин таза суу менен камсыз кылуу үчүн 6,5 чакырым суу куурлары тартылып, 41 чакырым узундуктагы коллектордук-дренаждык тармактар тазаланган.
Мындан тышкары, заманбап үй-бүлөлүк поликлиника курулган жана эки жалпы билим берүүчү мектеп, бир бала бакча оңдоодон өткөрүлүп, тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган. Балдар аянтчалары, кичи футбол аянтчалары, стадион курулуп, тигүү цехтери ишке берилген.
Ошондой эле 34 көп кабаттуу үйдүн чатыры оңдолуп, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө пунктулары курулуп, мөмөлүү жана декоративдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган.
Жапаров: Жалал-Абадда Ташкенттеги заводго тетиктерди жасап берчү ишкана бар