Кыргызстанда мектеп окуучулары 22-мартта каникулга тарайт

Мектептер 4-чейректи 27-мартта башташат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп окуучулары 22-марттан баштап каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жазгы эс алуу 22-мартта башталганы менен окуучулар ага чейин эле тарайт.

"Өлкө боюнча 20-21-март эс алуу күндөрү болгондуктан, окуучулар 20-марттан баштап 26-мартка чейин эс алышат", — дешти министрликтен.

Мектептер IV чейректи 27-мартта башташат.
Белгилей кетсек, 20-марттагы (дүйшөмбү) иш күн 29-апрелге (ишемби) жылдырылган.
Март айында кыргызстандыктар канча күн эс алат?