Октябрь райондук соту Теңиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгаруудан баш тартты

Жактоочу экинчи инстанцияга даттанууга камынып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөрдүн мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.
Анын айтымында, Бөлтүрүктүн ден соолугу стресстен улам начарлап кеткен. Жактоочусу бүгүн чыккан соттун чечимине макул болбой Бишкек шаардык сотко даттанууга камынып жатат.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат.
Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди аныктап, компания жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк менен финансы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген.
Теңиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жазып, кечирим сурады