БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы бардык ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн иштөө шарты бирдей болушу керек деген позицияны жактайт. Бул тууралуу ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Ал бүгүн Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эмгек мигранттарын социалдык коргоо чаралары" видеокөпүрөсүнө катышкан.
Буга чейин Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы миграциялык көзөмөлдү катаалдаштыруу пландалып жатканын билдирген. Мындан улам андан мигранттар үчүн кандай өзгөрүүлөр кирери туурасында сурашты.
© Sputnik / Нина Зотина
"ЕЭКтин колундагы маалымат боюнча, Россияда чет элдик жарандардын кирип-чыгуу шарттары жөнүндө федералдык мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Ал документ 3-марттан бери өкмөттүн кароосунда турат", — деди Өмүрбекова.
Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мигранттарга жумушчулар жана жумуш берүүчүлөрдүн эки реестринин негизинде гана иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Демек, иштегени бараткан чет элдик жаран ошол платформаларга катталышы керек болот.
"ЕЭК белгилүү бир нормалары ЕАЭБдин келишимдерине каршы келет деген позициясын билдирген. Башында ЕАЭБдин эмгек рыногуна бирдей шартта кабыл алуу бирдиктүү эмгек рыногунун негизги принциптери болгон. Тагыраагы, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү, жумушка орношуу, салык алуу жана социалдык камсыздоо шарттары окшош болушу шарт. Ошондуктан биз өз сунуштарыбызды жөнөтүп, демилгечилерден кабыл алынып жаткан нормаларды ЕАЭБдин келишимдерине каршы келбегендей кылышын сурандык", — деди комиссиянын өкүлү.
Ошондой эле ал мындан башка дагы миграциялык мыйзамдар өзгөртүлүп жатканын белгиледи. Ага ылайык, чет элдик жарандар Мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу жашаган жери тууралуу электрондук форматта кабарлама жөнөтө алат. Ал документтин долбоору Мамлекеттик думада турат. Өмүрбекова аны "алдыга кадам" деп атады.
Аны менен катар комиссиянын өкүлү Россияга келүү максатын өлкөдөн чыкпай туруп эле өзгөртүүгө боло турган норма ратификациядан өтүп жатканын кошумчалады. Ал 1-январдан тарта ишке кирген.