Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында ЕАЭБдин өз ара мамилесин талкуулап жатат

Докладчы катары тышкы иштер министри Сергей Лавров чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен жыйын куруп жатат. Бул тууралуу Кремль жазды.
Анда ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдүн мамилесин өнүктүрүү талкууланууда.
"Бүгүн биз ЕАЭБ боюнча союздаш жана эң жакын кошуналарыбыз менен болгон мамилени өнүктүрүү тууралуу сүйлөшөбүз. Көңүл чордонунда көп аспектилер бар, бирок так бүгүн талкуулай турган өзүнчө дагы темалар бар", — деди Россия лидери.
Докладчы катары тышкы иштер министри Сергей Лавров чыкты.
ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет.
Пресс-борбор
Россияга кирүү эрежесин өзгөртүү мыйзам долбоору каралууда. ЕЭК эмне дейт?