Педофилди өлүм жазасына тартуу. Депутаттар референдум өткөрүүнү сунуштап жатат

Конституция боюнча, Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга тыюу салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 61 депутаты президент Садыр Жапаровго педофилдерди өлүм жазасына тартуу жазасын киргизүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштап жатат. Бул туурасында парламентарий Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, жакында тиешелүү токтом долбоору даярдалып Жогорку Кеңештин кароосуна кирет. Бекешев кесиптештеринин демилгесин колдобой турганын билдирди.
"Жакында эле Жалал-Абад облусунда бир киши дал ушундай ишке айыпталып, соттолгон. Көрсө, ал майыптыгы бар адам экен. Бир канча убакыт абакта отуруп, ден соолугуна байланыштуу бирөөнү зордуктоого жарамсыз экенин далилдеп чыкты. Учурда соттолгон киши 1 миллион сомдук моралдык компенсация талап кылууда. Бирок ага сот 100 миң сом гана берүүнү чечиптир", — деди Бекешев.
Эл өкүлү шайлоочулар педофилдерди өлүм жазасына тартууга макулдук берет деп эсептейт. Деген менен Жалал-Абаддагы окуяга ушундай жаза колдонулса, ал киши күнөөлүү эместигин далилдей албай эле аркы дүйнөгө кетип калмактыгын белгиледи.
"Биздин соттук система өнүгө элек, коррупция жана адилетсиздик дагы деле бар. Тергөө органдары дагы анчалык тартипке келе элек, андыктан мен укук коргоо органдары идеалдуу болгон жерде гана өлүм жазасы киргизилишине макулмун. Бирок бир дагы өлкөдө идеалдуу иштешпейт", — деди Бекешев.
Белгилей кетсек, Конституция боюнча, Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга тыюу салынган. Депутаттардын демилгесин ишке ашыруу үчүн референдум аркылуу элдин добушу менен Баш мыйзамды өзгөртүү талап кылынат.
Педофилдерди хирургиялык жол менен бычууну киргизүү кайрадан сунушталды