Жапаров: Жалал-Абадда Ташкенттеги заводго тетиктерди жасап берчү ишкана бар

Бул мекеменин продукциясын темир жол, тоо-кен, мунай жана газ компаниялары кеңири колдонот.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы компания Ташкенттеги заводго тетиктерди жасап бере алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандагы иш сапары учурунда айтты.
Өкмөттөн билдиргендей, Жапаров Өзбекстанда Toshelectroapparat ишканасына барган.
Маалыматка караганда, бул мекеменин продукциясын темир жол, тоо-кен, мунай жана газ компаниялары кеңири колдонот.
"Бизде, Жалал-Абад облусунда, Ташкенттеги заводду керектүү көлөмдө комплекттөөчү тетиктер менен камсыз кылууга жөндөмдүү ишканабыз бар", — деди Жапаров.
Мындан соң ал Жалал-Абад облусунун башчысына кызматташуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
Жапаров Өзбекстанда унаа заводуна барды. Сүрөт