Өзбекстанда 5 ай бою барымтада кармалган кыргызстандык алып келинди. Видео

Жабырлануучуну бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар талап кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Уурдалып беш ай бою Өзбекстанда барымтада кармалып жаткан Кыргызстандын жараны мекенине алып келинди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, О.Т.Т. аттуу кыргызстандыкты Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу тургундары уурдап кеткен. Алар УКМК менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын биргелешкен ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө ушул эле аймактан кармалган.
"28-февралда жабырлануучунун карындашы жардам сурап УКМКга кайрылган. Такталгандай, жогоруда кармалган коңшу өлкөнүн жарандары 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан "Баймак" өткөрмө пункту аркылуу кыргызстандыкты Өзбекстанга алып өтүп кетишкен. Андан соң алар барымтада беш ай кармап, жакын туугандарынан 50 миң доллар талап кылышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 7-мартта уурдалган О.Т.Т. Кыргызстанга алып келинди", — деп айтылат маалыматта.
Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
Такси кызматына кол салган деп Токмок шаардык кеңешинин депутаты кармалды