Радио

Бичанов: Кыргызстанда спорттук дарыгерлерди даярдаган окуу жайы жок

Спорттук-реабилитациялык борбордун дарыгери, Спорттук медицина жана спорттогу реабилитация ассоциациясынын президенти Иса Бичанов Медициналык академияда спорттук медицина боюнча клиникалык ординатура ачылып, иштеп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда спорттук дарыгерлерди даярдаган окуу жайы жок. Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясы да аталган багытта факультет ачып, билим берген эмес. Бул тууралуу Иса Бичанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө спорттук дарыгер болууну каалаган жаштардын саны көп.
"Спорттук медицина — медицинадагы татаал багыттардын бири. Анткени анын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрү, спецификасы бар. Спорттук дарыгер инфекциялык оорулар, жаракат, психология, диета, физиология багыттарын жакшы өздөштүргөн адис болушу керек. Эл аралык мелдештерде спортчулар менен иштөө абдан жоопкерчиликтүү, ары таатал иш. Бүгүнкү күндөгү негизги көйгөйлөрдүн бири — Кыргызстанда спорттук дарыгерлерди даярдаган окуу жайы жок. Мындай көрүнүш бизди тушап, адистердин жетишпестиги жаралууда. Бирок спорттук дарыгер болом деген жаштардын саны абдан көп. Бул маселени чечүү үчүн белгилүү, тажрыйбалуу спорттук дырыгер Бактыгүл Алишева тиешелүү мамлекеттик органдар менен сүйлөшүп, Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясында спорттук медицина боюнча үч жылдык клиникалык ординатура ачылган. Учурда жылына 2-3төн адис окуп, аз-аздан болсо да маселе чечилип жатат", — деди Бичанов.
Ошондой эле адис спорттук медицина мамлекеттик деңгээлде колго алынса спорттук жетишкендиктер көп болорун кошумчалады.