БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасы 11-13-мартта Ташкент шаарында өтө турган эл аралык марафонго катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Курама команданын тизмеси:
Илья Тяпкин;
Нурсултан Кеңешбеков;
Бердигул Айтпай уулу;
Александр Салахудинов;
Тилекжан Жекшенаалы уулу;
Гүлшанай Саттарова;
Айнуска Калил кызы.
Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучулар Татьяна Борисова жана Леонид Пыхтеевдин жетекчилиги алдында күч сынашмакчы.