БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстан күн карама майынын басымдуу бөлүгүн Россиядан сатып алат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.
Өткөн жылдын аягында айыл чарба министри өсүмдүк майы өлкөдө социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн "чабал звеносу" экенин айткан. Ал билдиргендей, 2021-жылы ички өндүрүш керектөөнүн 11-12 пайызын гана камсыздаган. Мындан улам 2022-жылы айдоо аянты кеңейтилип, 20-25 пайызга жеткирүү пландалган.
Статком былтыр Кыргызстан 50 миллион доллардан ашуун каражатка 34,5 миң тонна күн карама майын сырттан сатып алганын маалымдады.
Импорттоочу өлкөлөрдүн тизмеси:
Россия — 25 миң 216 тонна;
Казакстан — 9 миң 150,3 тонна.
Азербайжан — 54,2 тонна;
АКШ — 40 тонна;
Беларусь — 8,6 тонна;
БАЭ — 1,3 тонна;
Өзбекстан — 0,4 тонна.
2021-жылы 39,8 миң тонна (47,1 миллион доллар) май ташып келинген.