БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Токмок шаардык кеңешинин К.Ч. аттуу депутаты жаңыдан ачылган такси кызматын калаадан чыгып кетишин талап кылып коркуткан деген шек менен кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Бишкектин Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
"Ал 26-февраль күнү болжол менен саат 16:00дө өздөрүн Токмок шаардык администрациясынын өкүлү деп тааныштырган алты-жети жаран Токмокто жайгашкан "Салтанат Кейджи" компаниясынын кеңсесине уруксатсыз кирип барышкан. Күч колдонуп кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылган. Аталган факт Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө алар Яндекс Go такси кызматынын Токмокто иштөөсүнө каршы чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен 9-март күнү 35 жаштагы К.Ч. аталган окуяга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тинтүү учурунда газ-травматикалык тапанчанын октору табылганы белгиленди.