Гамбургдагы атышууда кеминде 6 киши өлүп, 20 адам жаракат алды

Жети адамдын оор абалда экени, ал эми 17 киши жеңил жаракат алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Гамбургда (Германия) атышуу болуп, кеминде жыйырма киши жаракат алганын РИА Новости Hamburger Morgenpost басылмасына таянып жазды.
Атышуу бейшемби күнү (кечээ кечинде) жергиликтүү саат 21.00дөр чамасында "Иегова күбөлөрү"* деп аталган борбордун жанында болгон. ЖМКлардын жазганына караганда, жети адам оор абалда, ал эми 17 киши жеңил жаракат алган.
Маалыматта кол салган киши из жашырып кеткенин, ыкчам кызматтар шаардын жашоочуларына үйдөн чыкпай турууну эскертип жатканы айтылган. Бир катар ЖМКлар ал кишинин жанын кыйганын да жазышты.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
Пакистандык мечиттеги терактыдан көз жумгандардын саны 93кө жетти