Радио

Ректор: чет жерде окуган жаштар — маданияттын элчилери

Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин ректору Алмаз Кадыралиев чет өлкөдөн билим алган жаштардын дүйнө таанымы кең болорун айтты.
Sputnik
Адам башка мамлекетке барып билим алып келгенде жашоого болгон көз карашы өзгөрөт дейт Алмаз Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып. Анын айтымында, чет өлкөдөн билим алып келгендерде мүмкүнчүлүктөр арбын.
"Чет жакка барган студенттер — биздин маданияттын жана билимдин элчилери. Алар чет өлкөлүктөргө биздин каада-салтты тааныштырат. Мүмкүнчүлүк болсо сөзсүз чет жакка барып, билим алып келиш керек. Анткени чет элдик ЖОЖдорду аяктагандарда мүмкүнчүлүктөр көп. Муну менен катар эле жан дүйнөсү да кең болот. Жаңы тааныштарды таба алышат, жаңы нерселерди үйрөнүшөт. Чет өлкөдөн окуп келгендер баары бир өзгөчөлөнүп турат. Мисалы, мен деле Европадан билим алып келгенден кийин КЭУга бир топ долбоорлорду тарта алдым. Тажрыйбаны мүмкүн болсо башка мамлекеттен алып келген жакшы", — деди ректор.
Ал ошондой эле жаштарды англис тилин билүүгө чакырды.